МБКнын кызматкери пауэрлифтинг боюнча Азия чемпионатында алтын медаль жеңип алды

21.04.20260

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери, бажы кызматынын майору Адилет Тилебалдиев 2026-жылдын 17–19-апрелинде Бишкек шаарында өткөн пауэрлифтинг боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болду.

  Эл аралык турнир WPC/AWPC/WPCO/A-WPSO/WAO версиялары боюнча уюштурулуп, 8 өлкөдөн келген күчтүү спортчуларды бириктирди. Мелдештер Кыргызстанда туруктуу өткөрүлүп келе жаткан көп форматтуу күч спорт түрлөрү боюнча чемпионаттын алкагында өтүп, пауэрлифтинг, жатып көтөрүү (жим лёжа) жана армлифтинг дисциплиналарын камтыды.

  Адилет Тилебалдиев 75 кг чейин салмак категориясында «элдик жим» дисциплинасында күч сынашты. Жыйынтыгында алтын медаль жеңип алып, эл аралык класстагы спорт чебери наамынын нормативин аткарды.

  Белгилей кетсек, WPC/AWPC версиялары боюнча мелдештер альтернативалуу пауэрлифтингдеги эң кеңири таралган багыттардын бири болуп саналат жана дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн келген спортчулардын катышуусунда өткөрүлөт.