Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 33 килограммдан ашык гашиш алынды

04.06.20260

Баткен облусунда баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү каналынын ишине бөгөт коюлду. «Баткен» бажысынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринин биргелешкен операциясынын натыйжасында, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 33 килограммдан ашык гашиш алынды.
2026-жылдын 22-апрелинде Кадамжай районунда 1993-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны кармалган. Унаа каражаттарын текшерип кароо, өзүн текшерип кароо жана андан кийин кармалган адамдын жашаган жери боюнча жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жүрүшүндө баңгизат каражаттары табылып, алынды.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат каннабис чайыры (гашиш) болуп саналат. Алынган баңгизат каражатынын жалпы таза салмагы 33 килограммдан ашыкты түздү.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголду.
Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдарынын мындан аркы биргелешкен ишинин алкагында коңшу мамлекеттин аймагында кошумча иш-чаралар өткөрүлдү.  Натыйжада кошумча 14 килограмм гашиш жана 1 килограмм опий алынды. Ошондой эле аталган баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналынын ишине тиешеси бар деп шектелген Өзбекстан Республикасынын жараны кармалды.