“Нарын” бажысы жалпы салмагы 460 кг жакын декларацияланбаган товарды аныктады

11.08.20260

“Нарын” бажысынын Контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын кызматкерлери биргеликте ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган товарлардын ири партиясын өткөрүү аракетине бөгөт коюшту. 
КЭР жараны башкарган жүргүнчү ташуучу автобусту текшерип кароо учурунда, бажы кызматкерлери белгиленген тартипте декларацияланбаган жалпы салмагы 460 кг жакын 20 аталыштагы товарлардын түрүн табышкан.
Аныкталган жүктүн ичинен 240 комплект камуфляждык кийим, 120 даана атайын форма жана кепка, спорттук бут кийим, автоунаа тетиктери жана башка товарлар бар болгон.
Аныкталган товарлардын жалпы чекене баасы 558 849 сомду түздү. Аталган факт боюнча материалдар андан аркы процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы эки эселенген өлчөмдө — 257 756 сом суммасында өндүрүлдү.