«Ош» бажысында бизнес өкүлдөрү менен өз ара кызматташуу маселелери талкууланды

14.08.20260

«Ош» бажысынын базасында МБКнын Ички иликтөөлөр башкармалыгынын Түштүк аймагы боюнча Ички иликтөөлөр бөлүмүнүн кызматкерлери тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн субъекттери, бажы өкүлдөрү жана жеке жактар менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө бажы мыйзамдарын сактоо, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бажы органдарынын бизнес өкүлдөрү менен өз ара кызматташуусун өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Пара берүүгө жана алууга жол берилбестигине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучуларга мыйзамдарга ылайык эки тарап тең кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылары түшүндүрүлдү. Ошондой эле бажы органдарынын кызматкерлери тарабынан акча каражатын мыйзамсыз талап кылуу фактылары аныкталган учурда, Ички коопсуздук бөлүмдөрүнө токтоосуз кайрылуу зарылдыгы эскертилди.

Өзүнчө бажы өкүлдөрүнүн эсептик маалыматтарын коопсуз пайдалануу маселеси каралды. Катышуучуларга логиндерди жана сырсөздөрдү үчүнчү жактарга берүүгө, ошондой эле тиешелүү ыйгарым укуктары жок адамдар тарабынан мындай маалыматтарды пайдаланууга жол берилбестиги эскертилди.

Бизнес өкүлдөрү бажылык башкаруунун актуалдуу маселелери боюнча суроолорун берип, сунуштарын билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, мыйзамдуулукту сактоого жана коррупциянын алдын алууга багытталган ачык диалогду улантуу боюнча макулдашышты.

Видеону көрүү үчүн басыңыз