Ош шаарында тамеки продукциясын контрабандалык жол менен өткөрүүгө бөгөт коюлду

10.09.20260

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери КР УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу товарларды контрабандалык жол менен трансчек аралык ташып чыгуу каналын аныкташып, ага бөгөт коюшту.

2026-жылдын 6-сентябрында атайын операциянын алкагында «Ош» эл аралык аэропортунда ири өлчөмдө контрабандалык жол менен «Esse Change» тамеки продукциясын өткөрүүгө аракет кылган учурда чет өлкөлүк жаран Р.И.А. кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран кылмыштуу ишин жашыруу максатында үчүнчү өлкөлөр аркылуу аба каттамы менен келип, контрабандалык жүктү Ош шаарынан жер үстүндөгү транспорт каражаты менен коңшу мамлекетке алып чыгууга аракеттенгендиги аныкталды.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгүндө («Экономикалык контрабанда») каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран тергөө иш-чаралары аяктаганга чейин КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмү, ошондой эле кылмыштуу схеманын башка катышуучулары аныкталууда.