«Ош» жана «Жалал-Абад» бажы органдарында кызматкерлердин ок атуу, саптык жана ден тарбия даярдыгы боюнча пландуу зачеттор өткөрүлдү
05.06.20260
Көндүмдөрдү текшерүүдөн «Ош» бажысынын 253 кызматкери жана «Жалал-Абад» бажысынын 77 кызматкери өттү.
Зачеттордун жүрүшүндө кызматкерлер курал менен коопсуз иштөө көндүмдөрүн, ок атуу даярдыгы боюнча нормативдерди аткарууну, ошондой эле дене тарбия даярдыгынын деңгээлин көрсөтүштү.
Саптык даярдык саптагы аракеттердин ырааттуулугун, түз турушун жана буйруктарды так аткарууну текшерүүнү камтыйт.
Баалоо комиссия тарабынан белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлөт. Зачеттордун жыйынтыгы боюнча жыйынтык чыгарылып, даярдыкты мындан ары өркүндөтүү багыттары аныкталат.