Үрүмчүдө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чек ара бажы кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды
14.09.20260
2026-жылдын 7–8-сентябрында КЭРдин Үрүмчү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын чек ара бажы органдарынын жетекчилеринин жыл сайын өтүүчү жолугушуусу болуп өттү.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын Үрүмчү бажы башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.
Кыргыз делегациясын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Нурбек Чегирткеев, ал эми кытай тарапты КЭРдин Башкы бажы башкармалыгынын Эл аралык кызматташтык департаментинин жетекчиси Го Сюэнь жетектеди.
Тараптар бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу, өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана тышкы соода байланыштарын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
«Эркештам» жана «Торугарт» автомобиль өткөрүү пункттарынын ишине өзгөчө көңүл бурулду. Өткөрүү пункттарындагы жүктөмдүн жаңы чектик көрсөткүчтөрүн белгилөө жана күтүп турган транспорт каражаттарынын саны жөнүндө күн сайын маалымат алмашуу боюнча макулдашууга жетишилди. Кыргыз тарап «Торугарт» өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, өткөрүү пунктун кытай тараптан суткасына 24\7 күнү-түнү иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады.
Кытай тарап бул маселени КЭР компетенттүү органдарынын кароосуна киргизүүгө жана аны КР менен КЭРдин өткөрүү пункттарын башкаруу жаатындагы кызматташтык боюнча комитеттин жыйынынын күн тартибине киргизүүгө даяр экенин билдирди.
Ошондой эле Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушунун алкагында бажылык тариздөө, трансчек аралык контрабандага каршы күрөшүү жана ыкчам маалымат алмашуу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында 2026-жылга Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын чек ара бажы органдарынын жетекчилеринин жолугушуусунун протоколуна кол коюлуп, анда жетишилген макулдашуулар бекитилди.
Тараптар кийинки жолугушууну 2027-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүү боюнча макулдашышты.

.jpeg)
.jpeg)

.jpg)
.jpg)