Санариптештирүү жана сооданы жеңилдетүү: Бишкекте ТМУнун алкагында бажы кызматташтыгынын артыкчылыктары талкууланды

10.10.20260

2026-жылы 10-октябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан уюштурулган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) жумушчу тобунун 15-жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө ТМУга мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын өкүлдөрү бажы кызматтарынын жетекчилеринин буга чейинки жолугушуусунда жетишилген макулдашуулардын аткарылышын жана бажы кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун (ЫЭО) улуттук программаларын өнүктүрүү жана аларды шайкеш келтирүү негизги маселелердин бири катары каралды. Ошондой эле сооданы жана адамдардын жүрүүсүн жеңилдетүү, анын ичинде өткөрүү пункттарында «Бирдиктүү терезе» жана «Бирдиктүү аялдама» механизмдерин колдонуу боюнча чаралар талкууланды.

Мындан тышкары, ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы Жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридору жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу, бажы администрацияларынын ортосунда маалымат алмашуу, eTIR жол-жобосун киргизүү жана бажы жол-жоболорун санариптик трансформациялоонун алкагында электрондук маалымат алмашууну өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Күн тартибине бажы тобокелдиктерин башкаруу жаатындагы кызматташтык, бажы лабораторияларынын өз ара аракеттенүүсү жана 2027–2031-жылдарга карата бажы кызматташтыгынын жол картасын даярдоо маселелери да киргизилди.

Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар 2026-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жыйынынын протоколунун долбоорун толуктап, такташты.