Teslaны жалган декларациялоо: 16 миллион сомдон ашык акча кошумча которулду

10.06.20250

«Түндүк» темир жол бажысынын Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери КР ЕАЭБ аймагына 2024-жылы чыгарылган 6 даана Tesla Cybertruck автоунаасын алып келүүдө жалган декларациялоо фактыларын аныкташты.

Транспорт каражаттары M1/M1G категориясындагы (ТЭИ ТН коду 8703) жеңил унаалар катары билдирилген, алар электромобилдерди ташып келүүдө жеңилдиктерге ээ жана «шарттуу чыгаруу» жол-жобосу менен таризделген.

Бирок, документалдык текшерүүнүн жана декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтарды талдоонун жыйынтыгы боюнча, төмөндөгүлөр аныкталган: Tesla Cybertruck өзүнүн мүнөздөмөлөрү боюнча “пикап” тибиндеги жүк ташуучу унааларга туура келет, алар Бажы бирлигинин комиссиясынын чечимине ылайык ЕАЭБ ТЭИ ТН 8704 коду боюнча жүк ташуучу унаалар катары классификацияланууга тийиш.

Бул төмөнкүлөрдү билдирет:

- көрсөтүлгөн транспорт каражаттарга КНС боюнча жеңилдиктер колдонулбайт (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297-беренесинин 17-пункту).

- ташып келүү бажы алымы толугу менен төлөнүүгө тийиш, анткени көрсөтүлгөн жүк ташуучу электр унааларга карата бажы алымдарын төлөө боюнча жеңилдиктер колдонулбайт.

Төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн жана салыктарынын жалпы суммасы 16 266 586 сомду түзгөн. Фактылар КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.