“Түндүк-Чыгыш” бажысы Өзбекстан Республикасынын алкоголго акциздик маркалардын ири көлөмдөгү контрабандасына бөгө койду
19.08.20251
«Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды мыйзамсыз ташып келүүнүн алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Кытай Эл Республикасынан 2 миллион 560 миң даана өлчөмүндөгү акциздик маркаларды мыйзамсыз ташып келүү фактысын аныктады.
Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, акциздик маркалар атайын коргоо чараларын жана катуу эсепке алууну сактоо менен борборлоштурулуп даярдалат жана таратылат. Бул фактынын негизинде Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
“Түндүк-Чыгыш” бажысынын жана КР УКМКнын ыкчам бөлүмү тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары, анын ичинде атайын тергөө амалдары - акциздик ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын ичинде атайын тергөө амалдары - акциздик маркаларды контролудук жеткирүү жүргүзүлгөн, Ош шаарынын аймагында жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө 1993-жылы туулган КР жараны Р.Б.Р., 1985-жылы туулган Өзбекстан Республикасынын жараны С.Э.Х. кармалган.
Тергөөнүн тапшырмасынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Бажы иши чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө” макулдашуунун алкагында Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлерине конфискацияланган акциздик маркалар (2 560 000 даана), ошондой эле Өзбекстан Республикасынын жараны С.Е.Х. өткөрүлүп берилген.
Видео:https://www.youtube.com/shorts/pj4vYWCzso0