Түндүк-Чыгыш бажысынын административдик имаратын куруу үчүн убакыт капсуласы салынды
19.05.20260
2026-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А. Салиев «Түндүк-Чыгыш» бажысынын административдик имаратынын курулушунун башталышын белгилөө максатында убакыт капсуласын салды.
Объект «Кант» убактылуу сактоо кампасынын аймагында курулат. Курулуш республикалык бюджеттин каражатын тартпастан, «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК тарабынан бажыга байланыштуу кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн кирешенин эсебинен каржыланат.
Жаңы административдик имаратты куруу бажылык башкарууну уюштуруу үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары жана жарандар менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.
Иш-чарадан кийин бажы кызматынын башчысы УСКнын аймагындагы иштин уюштурулушу менен таанышып, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары менен баарлашты, алардын бажы операцияларын жүзөгө ашырууга байланышкан суроолорун жана сунуштарын укту.
Алмаз Салиев Мамлекеттик бажы кызматы ТЭИ катышуучуларына жагымдуу шарттарды түзүү үчүн бажы инфраструктурасын өнүктүрүү жана санариптик чечимдерди киргизүү боюнча иштерди улантарын белгиледи.

.jpeg)



