Транспорт каражаттарын жалган декларациялоо фактылары аныкталды

27.03.20261

Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери БАМС программалык камсыздоосуна мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө Кытай Эл Республикасынан «М.» ЖЧКсынын дарегине ташылып келинген транспорт каражаттарын жалган декларациялоо фактыларын аныкташты. Натыйжада Евразия экономикалык бирлигинин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын ченемдери бузулгандыгы аныкталган.

Фактылар транспорт каражаттарына тиешелүү товар коштоочу документтерди жана маалыматтарды талдоонун негизинде аныкталган.

2025-жылдын 5-майында «Нарын» бажысынын «Нарын» БТЖсына транзиттик декларация боюнча FAW JIEFANG маркасындагы жүк ташуучу унаа келген. Документтерде чыгарылган жылы 2020 деп көрсөтүлгөн. Бирок ISO 3779 эл аралык стандартына ылайык VIN номеринин онунчу белгиси — «K» тамгасы2019-жыл чыгарылганын билдирет. «Ички керектөө үчүн чыгаруу» бажы жол-жобосуна жайгаштырылганда бажы төлөмдөрүнүн суммасы 231 591 сомду түзгөн.

2025-жылдын 14-июнунда «М.17» ЖЧКсынын дарегине C&C Trucks маркасындагы автобетон аралаштыргыч алынып келинген. Документтерде анын чыгарылган жылы 2020 деп көрсөтүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө ISO 3779 стандартына ылайык VIN номеринин онунчу белгиси — «H» тамгасы2017-жылга туура келери аныкталган. Бажы төлөмдөрүнүн суммасы 426 704 сомду түзгөн.

2025-жылдын 1-августунда транзиттик декларациялар боюнча аталган компаниянын дарегине SANY маркасындагы автобетон аралаштыргычтар келип түшкөн. Документтерде алардын чыгарылган жылы 2018 деп көрсөтүлгөн. Бул факт боюнча бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 742 522 сомду түзгөн.

2026-жылдын 16-февралында «Нарын» БТЖсына KOMATSU маркасындагы чынжыр дөңгөлөктүү экскаватор келген. Товар коштоочу документтерде чыгарылган жылы 2023 деп көрсөтүлгөн. Бирок ISO 3779 эл аралык стандартына жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2025-жылдын 7-июлундагы №64 чечимине ылайык VIN номеринин онунчу белгиси — «J» тамгасы2018-жылга туура келет. 2026-жылдын 19-февралында алуучу тарап бажылык жол-жоболоштуруу үчүн тиешелүү документтер пакетин тапшырган. Бажы төлөмдөрүнүн суммасы 942 885 сомду түзгөн.

Аталган фактылар боюнча материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын бюджетине жалпысынан 3 343 704 сом өндүрүлгөн.